​Казакстанда коронавирустан бир киши каза болду

  • 4 года мурун

Казакстанда коронавирустан бир аял каза болду. Бул тууралуу 26-март күнү кечинде өлкөнүн маалымат жана коомдук өнүгүү министр Даурен Абаев билдирди.

Буга чейин Нур-Султанда төрт бейтаптын абалы туруктуу оор деп бааланып жатканы, бир адам жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылганы кабарланган.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 113кө жетти.

28-марттан тартып өлкөнүн Алматы, Нур-Султан жана Чымкент шаарларында карантин чаралары күчөтүлөт. Аларга ылайык, шаар тургундарына азык-түлүк, дары-дармек алууга жана жумушка барып келүүгө гана үйлөрүнөн чыгууга уруксат берилет. Бардык сейилдөөчү жайлар, балдар аянтчалары жабылат. Мындан тышкары коомдук транспорттун жүрүшү чектелип, үч кишиден ашуун жолуугуга тыюу салынат.

Дүйнөдө 26-мартта (саат 21:10) коронавируска чалдыккан 491 623 учур катталды. Каза тапкандардын саны 22 169 га жетти. Айыккандардын саны 118 245 болду.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты