​Коменданттык сааттын биринчи күнү: Кыргызстанда 320 киши тартип бузду

  • 4 года мурун

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында белгилегендей, өткөн суткада алгачкы коменданттык саат учурунда Кыргызстан боюнча 320 жаран тартип бузган.

Республика боюнча 391 пост иштеп жатат. Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдери киртизилген шаарларда жана райондордо бардык зарыл болгон коопсуздук жана тартип чаралары күчөтүлдү.

Штабдын мүчөлөрү белгилешкендей, азык-түлүк жана медициналык дары-дармектерди ташуулар тиешелүү органдар тарабынан эч кандай тоскоолдуксуз өтүшү керек. Алар үчүн «жашыл коридор» түзүлөт.

25-марттан тартып, Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Сүрөт: Ош облусунда. Республикалык штаб тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты