Ката үчүн жумуштан алынган кеңешчи парламенттин аппарат жетекчилигине дайындалды

  • 4 года мурун

Өкмөткө жазылган каттагы ката үчүн кызматтан алынган Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун мурдагы кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков парламенттин аппарат жетекчиси болуп дайындалды.

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Самат Ибраев өз арызы менен кызматтан бошотулду.

Сабырбеков төрага Жумабековдун колу коюлган, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жиберилген каттагы (сүрөттө) оркойгон каталары үчүн кызматтан алынган. Коомчулук социалдык барактарда ал катты жибергендерди катуу сынга алган.Бул каттын жөнөтүлүшнө жооптуу Алмазбек Сабырбеков болуп чыккан.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы өткөн жылы мартта мындай деп билдирген:

“Жогорку Кеңештин аппараты өткөн аптада социалдык тармактарда тарап кеткен кат (№6-993/19) боюнча алдын- ала иликтөө иштерин жыйынтыктады.

Алмазбек Сабырбеков төраганын кеңешчиси катары анын иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу болчу. Аталган кат боюнча иликтөө иштери уланууда» деп билдирген.

Сабырбеков кызматка 2019-жылдын декабрында кайра кабыл алынгандыгы маалым болгон.

ЖК басма кызматы Алмазбек Сабырбековдун аппарат жетекчиси болуп дайындалганын ЖМКга тастыктады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты