Бишкекте коменданттык саат тартибин бузган 195 киши кармалды

  • 4 года мурун

25-мартта саат 20:00дөн 26-мартта саат 7:00гө чейин борбор калаада 195 тартип бузган жаран кармалды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Алардын ичинен 14 аял, 163 эркек, 6 өспүрүм жана чет элдик 18 жаран – пакистандык жана индиялык студенттер” деп билдирди Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев.

Шаардын райондору боюнча кармалгандар: Ленин районунда – 56 киши, Свердлов – 60, Октябрь – 37, Биринчи май районунда – 42 киши кармалды.

25-марттан тартып, Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты