Ош облусунда коменданттык саат тартибин аткарбагандар кармалды

  • 4 года мурун

Кечээ, 25-март, кечки саат 20:00дөн бүгүн эртеӊ мененки саат 7:00гө чейин Ош шаары жана Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунун аймагында коменданттык сааттын тартибин бузгандыгы үчүн 91 жаран ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилди.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана жайылышына каршы күрөшүү штабынан билдиришти.

Бул мезгилде Кара-Суу районунда коменданттык сааттын талаптарын аткарбастан көчөдө жүргөн 55 жаран, ал эми Ноокат районунда – 11 жаран, ошондой эле Ош шаарында 25 жаран, 3 автоунаа кармалып, ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

25-марттан тартып, Президенттин жарлыгы менен Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты