​Феликс Кулов, мурдагы комендант: “Комендатуранын ишин жөнгө салууга убакыт керек”

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, 90-жылдары Бишкек шаарынын коменданты болгон Феликс Кулов өлкөдөгү азыркы абал тууралуу “ПолитКлиника” медиасына буларды айтып берди:

— Бишкекке жана башка аймактарга өзгөчө абал киргизүүнүн өзгөчөлүгү мында турат:

Турмуш көрсөткөндөй, өкмөттүн өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизгени максатына жеткен жок. Тилекке каршы, көптөгөн жарандар өзгөчө кырдаалга карабай, карантин шартында эрежелерди буза берди, аны менен коронавирустун жайылып кетишине коркунуч туулду.

Президент Жээнбеков жарлык менен Бишкек шаарына жана бир катар аймактарга өзгөчө абал киргизгени коронавирус инфекциясынын алдын алууга, дарылоого жана учур талабына ылайык, бардык кызматтардын ишин кайра түзүүгө убакыттан утуш алууга жана жакшы даярдык көрүүгө зарыл болчу.

Ар кыл тармактын ишин кайра куруш үчүн да бир аз убакыттан утуш алуу керек болду.

Бардык өлкөлөр чет элдиктердин киришине тыюу сала турганы белгилүү болуп калды. Пандемия сыяктуу эле, экономикалык кризис да дүйнөгө жайылып жатат.

Азыр Сооронбай Жээнбеков бир катар мамлекеттердин башчылары, эл аралык ар кандай уюмдардын жетекчилери менен тез-таз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын байкоого болот. Мунун баары-кризистин кесепетин жумшартуу аракети.

Ал эми Бишкек шаарынын комендатурасынын иши жаңы башталды. Ишти жөнгө салыш үчүн дагы эки күндөй убакыт керек. Комендант Алмазбек Орозалиев ИИМдин тажрыйбалуу кызматкери, ал коюлган милдет, тапшырманы аткарышы керек.

Бирок коменданттын ишинин ийгилиги ар бирибизге байланыштуу. Биз тартипке, талапка баш ийип, укук коргоо органдарына көйгөй жаратпашыбыз керек.

Жүрүм-турумубузду карап чыгып, айрым адаттарыбыздан арылышыбыз зарыл. Айтылып жаткандай, кол алышуу, кучакташуу, өбүшүү, айрыкча, жаш балдарды өбүүдөн, той, ж.б. ар кыл иш-чараларды өткөрүүдөн алыс болушубуз керек.

Мечиттерде жума намаз убактылуу окулбай турганы максатка ылайыктуу болду.

Врачтар айтып жаткандай, дүкөн ж.б. коомдук жайларда, уюмдарда колду жууган дезинфекторлор болушу, буюмдар дезинфекцияланып турушу шарт.

Айтор биз дагы өзүбүздү-өзүбүз талап-шарттарды аткарууга көндүрүшүбүз керек. Өзүбүз жасай турган нерселерди бизге өкмөт же мамлекет башчы жасап бербейт. Ар бирибиз жоопкерчиликтүү бололу, — деди Феликс Кулов.

«ПолитКлиника» медиасы.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты