​Коронавирустан улам Россияда референдум жылдырылды

  • 4 года мурун

Россиянын президенти Владимир Путин 25-мартта атайын кайрылуу жасап, референдумду пандемияга байланыштуу жылдыра туруу чечими кабыл алынганын билдирди.

22-апрелге белгиленген референдумда Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр элдин добушуна коюлмак. Алардын арасында Путиндин буга чейинки президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарып, кийинки жолу да шайлоого катышууга укук берген жобо бар.

«Элдин саламаттыгы, өмүрү жана коопсуздугу биз үчүн артыкчылыктуу маселе» деди Путин.

Орус өкмөтү коронавирусту 700дөй адам жуктуруп алганын билдирген. Вице-премьер-министр Татьяна Голикованын айтымында, соңку бир суткада бул илдетке чалдыккандардын саны үч эсе көбөйдү.

Кыргыстанда бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирус жуктурган 44 учуру аныкталган.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты