​Өзгөчө абал: Бишкекте каттоосу жоктор маалымат кагазын алууга тийиш

  • 4 года мурун

Бишкек шаарында каттоосу жок жарандар жашаган жеринин үй комитетинен ал жакта жашагандыгы тууралуу маалымат кагаз алуусу керек.

“Бишкек шаарында каттоодон өтпөгөн адамдар азыркы жашап жаткан жеринен жашагандыгы тууралуу маалымат кагазын алууга тийиш. Ошондой эле иштеп жаткандар иштеген жеринен маалымат кагаз алуулары керек”

деп билдирди маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.

24-мартта Президенттин жарлыгы менен Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

25-мартта саат 15:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган 2 жаӊы учуру катталды. Коронавируска чалдыккандардын саны 44 болду.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты