​Кыргыз-түрк ооруканасы коронавирус менен күрөшүүгө берилди

  • 4 года мурун

Кыргыз-түрк достугунун ооруканасы коронавирус илдети менен күрөшүүгө берилди.

Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Элчиликтин билдирүүсүндө мындай деп айтылат:

“Глобалдык масштабда COVID-19 коронавирус илдети менен күрөшүп жаткан учурда бири-бирибизге колдоо көрсөтүү жана жапа тырмак аракет кылуу эң негизги маселе болуп саналат.

Бул алкакта Бишкек шаарында курулган Түркия-Кыргызстан Достук ооруканасын Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине, COVID-19 илдети менен күрөшүүгө байланыштуу колдонулуу үчүн берилгендигин маалымдайбыз» деп айтылат анда.

25-мартка саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учуру катталган жок.

24-мартта Кыргызстанда коронавирус жуктурган 26 адам катталды, ошону менен жалпысынан 24-мартка карата бул илдетке чалдыккандардын саны өлкөдө 42ге жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты