​Салык декларация мөөнөтү узартылды

  • 4 года мурун

Физикалык жана жеке жактардын бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү 2020-жылдын 1-сентябрына чейин узартылды.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу республикалык штабдын чечими менен салык төлөөчүлөр үчүн бир катар салык жеңилдетүүлөрү киргизилүүдө.

Мамлекеттик салык кызматы айрым учурларды кошпогондо ишкерлик субъектилерин салыктык текшерүү ишин, ошондой эле буга чейин башталган көчмө текшерүү жумуштарын токтотмокчу.

Ошондой эле электрондук эсеп-фактураларын жана мунайзат продуктуларына товардык-транспорттук электрондук коштоочу кагазды милдеттүү түрдө колдонуунун, 2020-жылдын 1-июлуна чейин виртуалдык көзөмөл-кассалык машиналарды сыноонун мөөнөтүн жылдыруу чечими кабыл алынды.

Буга чеийн 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт), кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

24-мартта Президенттин жарлыгы менен Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты