Айрым дары-дармекти убактылуу мамлекеттик каттоосуз ташууга уруксат берилди

  • 4 года мурун

Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесине кирген дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өлкөгө убактылуу мамлекеттик каттоосуз ташууга уруксат берилди.

Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) мындан ары жайылуусуна жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо максатында кабыл алынды.

Өкмөтү төмөнкү чечимди кабыл алды:

Ушул токтом расмий жокко чыгарылганга чейин фармацевттик жана ишкердик иш-аракеттер субъекттерине төмөнкүлөргө уруксат берилди:

— Кыргыз Республикасынын жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмесине (мындан ары – Улуттук тизме) жана/же Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген коронавирус инфекциясына диагноз коюу жана дарылоо үчүн зарыл болгон дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесине (мындан ары – Тизме) киргизилген дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды (мында алып келинген дары каражаттары жана медициналык буюмдар ѳндүрүүчүнүн ѳлкѳсүндѳ катталган болушу керек) мамлекеттик каттоосуз алып келүүгө.

— дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды алып келүүгө, тѳмѳнкүлөр жок болгон учурда:

мамлекеттик жана расмий тилдерде таңгагынын маркалоосу – мамлекеттик жана/же расмий тилдерде стикерди колдонуу менен;

мамлекеттик жана расмий тилдердеги медициналык колдонуу боюнча

нускамасы − мамлекеттик же расмий тилге котормосун камсыз кылуу менен;

— Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, улуттук тизмеге жана/же тизмеге киргизилген, маркаланышы боюнча жана/же медициналык колдонуу боюнча нускамада катталгандардан айырмасы бар дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды алып келүүгө.

Мындан тышкары ушул токтомго ылайык, медициналык беткаптарды лицензиясы жок жана мамлекеттик каттоосу жок чыгарууга жана сатууга убактылуу уруксат берилди, деп билдирди өкмөт.

Коронавирустун жайылышына байланыштуу Президенттин жарлыгы менен Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

25-мартка саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учуру катталган жок.

24-мартта Кыргызстанда коронавирус жуктурган 26 адам катталды, ошону менен жалпысынан 24-мартка карата бул илдетке чалдыккандардын саны өлкөдө 42ге жетти.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты