Жаран укугун жана эркиндигин убактылуу чектөө чаралары, кошумча милдеттери белгиленди

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында жарандардын укуктарын жана эркиндигин убактылуу чектөөнүн өзгөчө чаралары жана алардын кошумча милдеттери белгиленди.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Президенттин жарлыгына ылайык, бүгүн, 25-марттан саат 08.00дөн баштап 15-апрелге саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

Өтүүгө уруксат берүүчү документи бар ички иштер органдарынын, медицина жана мамлекеттик кызматкерлерден тышкары бардык жарандардын кыймылы саат 20.00 дөн 07.00 гө чейин (түнкү убакыт) чектелет. Коменданттык саат киргизилет.

Саат 07.00 дөн 20.00 гө чейин азык-түлүк дүкөнүнө, дарыканага, медициналык мекемелерге баруудан тышкары калган жарандардын жүрүүсү чектелет жана тек-жайын аныктаган күбөлүк жана толтурулган анкета болушу керек. Анкетада төмөнкү маалыматтар болууга тийиш:

— Аты-жөнү;

— Телефон номери;

— Үйдөн чыккан себеби;;

— Чыккан убактысы;

— Кайткан убактысы;

— Жашаган жери;

— Бара турган жери.

Анкетаны колго толтурса болот.

Саат 07.00 дөн 20.00 гө чейин (күндүзгү убакыт) өзгөчө абал режими киргизилген аймактардан тышкары каттоодо турган жарандардан башка жарандардын жана шаарлардын, райондордун жашоо-тиричилигине, стратегиялык жана башка мамлекеттик объекттердин ишмердүүлүгүнө тартылган унаалардын жүрүүсү чектелбейт.

Баса белгилей кетчү нерсе, өзгөчө абал режими киргизилген аймакка жергиликтүү каттоосу жок жарандардан башкаларга кирүүгө тыюу салынган.

Режимде ишкерликтин уруксат берилген түрлөрүнүн тизмеси бар.

Бул тизмедеги жумушчулардын кыймылы саат 07.00 дөн 20.00 гө чейин иштеген жеринен ишкананын жетекчиси тарабынан күбөлөндүрүлгөн справканын негизинде, алдын ала аныкталган багыт жана ишкана тарабынан уюштурулган унаа менен жүрүү эске алынып гана ишке жүргүзүлөт.

Өтүнмө аймактын комендатурасынын кароосуна компаниянын жетекчисинин колу жана мөөрү менен жөнөтүлөт.

Аймактын комендатурасы көчүрмөсүн унаа каражаттар жүрүүчү тиешелүү райондун блок-постторуна беришет.

Өзгөчө абал режиминде төмөнкүлөрдү өндүрүү, ташуу жана сатууга уруксат берилет:

— табигый, чийки жана кайра иштетилген түрдөгү тамак-аш жана азык-түлүк продуктулары, анын ичинде таңгактоочу жана башка коштоочу өндүрүмдөр;

— дары-дармектер жана медициналык каражаттар;

— күйүүчү-майлоочу материалдар жана аларга тийиштүү буюмдар, газ баллондор.

Көрсөтүлгөн ишмердүүлүк тиешелүү өндүрүштүк жана соода түйүндөрүндө, азык-түлүк павильондорунда, дүкөндөрдө, базарларда, ири соода түйүндөрүндө, дарыканаларда жана май куюучу жайларда жүргүзүлөт.

Ошондой эле коммерциялык банктарга жана турак жай-коммуналдык чарба кызматтарына тейлөө кызматтарын көрсөтүүгө болот.

Бирок товарларды өндүрүү, ташуу жана сатуу тейлөө зонасында бир адамга 5 чарчы метр жана кезекте кардарлар менен сатуучунун ортосунда 1,5 метрден кем эмес аралык камсыздалган шартта уруксат берилет.

Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн ишканалардын коопсуздугун камсыздоо менен байланыштуу болсо, анда жеке менчик күзөт агенттиктерге өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат берилет.

Майда стационардык жана көчмө түйүндөр, кафе, ресторандар, ашкана жана башка коомдук тамактануу жайларынын ишмердүүлүгүнө алар продукцияларды алып чыгууга багытталган шартта уруксат берилмекчи.

Жүк ташуу боюнча, азык-түлүк, күнүмдүк керектелүүчү жана медициналык багыттагы товарлар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында шаарлар, аймактар аралык унаа каражаттары менен жүк ташуулар, почталык жөнөтүүлөр, ошондой эле эл аралык эки тараптуу жана транзиттик ташуулар ишкананын билдирмесинин негизинде чектелбейт.

Коронавирустун жайылышына байланыштуу Президенттин жарлыгы менен Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

25-мартка саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учуру катталган жок.

24-мартта Кыргызстанда коронавирус жуктурган 26 адам катталды, ошону менен жалпысынан 24-мартка карата бул илдетке чалдыккандардын саны өлкөдө 42ге жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты