​Коронавируска чалдыккандардын абалы канаттандырарлык

  • 4 года мурун

Коронавирусуна чалдыккан бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык экенин саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

-Бирөө реанимацияда жатат, 1949-жылы туулган эркек киши, ал Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында.

Обсервация жайларында 585 киши дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. 2014 киши үй карантинине чыгарылды. Алардын баары карантиндин шарттарын так сактоого милдеттүү,-деп айтулат маалыматтта.

25-мартка саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учуру катталган жок.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 24-мартта 26 адам катталды, ошону менен жалпысынан 24-мартка карата бул илдетке чалдыккандардын саны өлкөдө 42ге жетти.

24-мартта Президенттин жарлыгы менен Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты