Өзгөчө абал кирген аймактардагы шарт-талаптар

  • 4 года мурун

Өзгөчө абал кирген аймактарда мындай шарт-талаптар аткарылышы керектигин биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов жана Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев маалымат жыйынында билдирди:
Күндүзү саат 7:00дөн 20:00гө чейин жарандар төмөндөгү үч себеп боюнча гана көчөгө чыга алат:

  • Дүкөндөн азык-түлүк сатып алууга;
  • Дарыканадан дары-дармек сатып алууга;
  • Дарыгерге, дарылоо процедураларына баруу.

Бул зарылчылыктар үчүн көчөгө чыгуу үчүн бара турган дүкөн, дарыкана, оорукананын маршруттук баракчасы, атайын анкета жана тек жайыңызды тастыктаган документ колуңузда болушу шарт. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов көчөдөн жарандардын кыймылын милиция тескеп тураарын белгиледи.

«Эгерде жаран дарыканага баргысы келсе атайын анкетаны иштеп чыгып таратабыз. Анткетаны өзүнө маршруттук баракча катары толтуруп алышы керек. Маршруттук баракчада үйдүн дареги жана дарыкананын болжолдуу дареги жазылат. Ал ошол жерге гана бара алат. Эгер күндүзгү убакта жаранды патрулдук милиция кызматкери токтотсо, ал өзүнүн ким экендигин күбөлөндүрүүчү документин жана маршруттук баракчаны көрсөтүшү керек” деди Боронов.

Mаршруттук баракчалар боюнча толук маалымат берилет.

Өзгөчө абал режими мезгилинде ишке тартылган кызматкерлер үчүн чектөө киргизилбейт. Ошондой эле дарыкана, соода түйүндөр, ишканалардын айрым кызматкерлери штабдын атайын шарты менен иштешет. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жарандарды бул аргасыз чараны түшүнүүгө чакырды.

Бишкек шаары боюнча комендант болуп ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев шаарда каттоосу жок жарандар өзгөчө абал киргизилген аймактан чыгарыларын айтты.

“Көчөдө жүргөн адамдар ички иштер кызматкерлери тарабынан кармалат. Ким экендиги аныкталбагандар камакка алынат. Шаар тургундары болбогондор сыртка чыгарылат. Учурдагы кырдаал чыӊалган болуп турат, шаар тургундарын Өзгөчө абал режиминин бардык эрежелерин так сактоого чакырам”, — ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев.

Өзгөчө абал режими киргизилген аймактарда коомдук автоунаалар жана такси толугу менен токтотулат. Ал эми транзиттик жүктөр боюнча шаар ичин аралап өтчү бардык ички жолдор жабылат. Жүк ташуучу унааларга айланып өтчү жолдордор аркылуу гана жүрүүгө уруксат берилет. Бирок дары-дармек, азык-түлүк ташыган жүктөргө чектөө коюлбайт. Ошондой эле жазгы талаа иштерине уруксат берилет.

“Өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык саат учурунда жана күндүзгү убакта жазгы талаа иштери боюнча айдоо жерлерде иштеген дыйкандарга иштөөгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт”, – биринчи вице-премьер-министр К.Боронов.

Ал эми транзиттик жүктөр боюнча шаар ичин аралап өтчү бардык ички жолдор жабылат. Жүк ташуучу унааларга айланып өтчү жолдордор аркылуу гана жүрүүгө уруксат берилет.

«Өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык саат учурунда жана күндүзгү убакта жазгы талаа иштери боюнча айдоо жерлерде иштеген дыйкандарга иштөөгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт” деди биринчи вице-премьер-министр К.Боронов.

Коронавирустун жайылышына байланыштуу Президенттин жарлыгы менен Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты