​Коменданттар дайындалды

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбековдун өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү жарлыгына ылайык, төмөнкү коменданттар дайындалды:

Бишкек шаары боюнча – ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев;

Ош шаары, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондору боюнча – ИИМдин Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов;

Жалал-Абад шаары, Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча – КР ИИМ кызматынын жетекчиси Жеңишбек Жоробеков дайындалды.

Коменданттарга өзгөчө абал режимин камсыздоо жана өзгөчө чараларды кабыл алуу жоопкерчилиги ыйгарылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта, Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлык коронавирустун дүйнөдө күч алышынан жана Кыргызстанда катталышынан улам кабыл алынды.

24-мартка карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Мындан улам, Кыргызстанда жалпы 42 адамда COVID-19 вирусу аныкталды.

Кыргызстанда 22-марттан тартып бир айга өзгөчө кырдаал киргизилди.

Сүрөттөр: gov.kg жана ИНтернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты