​Мамлекеттик кызматкерлер үйүнөн иштөөгө жиберилет

  • 4 года мурун

«Бардык мамлекеттик органдардын, министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери өлкө аймагында өзгөчө абал режимин киргизүү мезгилинде, коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышына жол бербөө максатында кызматкерлерин санитардык чараларды так сактоо менен аралыктан иштөөгө коё берсин” деп билдирди вице-премьер-министр Э.Асрандиев.

Бүгүн, 24-мартта, Бишкек шаарында, Ош, Ноокат жана Кара-Суу шаарларында өзгөчө абал киргизилди. Эртең, 25-марттан баштап, Жалал-Абад шаарына жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилет.

Кыргызстанда 22-марттан тартып бир айга өзгөчө кырдаал киргизилди.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 16 учур катталды.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты