​УКМК: «Атамбаевдин ден соолугу — врачтардын көзөмөлүндө”

  • 4 года мурун

Камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу врачтардын көзөмөлүндө экенин улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

“Алмазбек Атамбаев дайыма врачтардын көзөмөлүндө болуп жатат” деп айтты УКМК.

Бүгүн, 23-мартта, Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму Алмазбек Атамбаевдин ден соолугунун жакшы эмес болгондугунан улам кийинкиге жылдырылган.

Адвокат Замир Жоошев коронавируска байланыштуу Кыргызстанда убактылуу камак жайда жана түрмөдө жаткандарды тезинен бошотууну сунуштаган. Анын Жогорку Сотко кайрылуусуна 39 киши кол койду.

Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишине 14 киши шектелип жатат.

Алар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархад Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу, Асангелди Какебаев.

7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери каза таап, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарат алган. Андан тышкары, 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.

Сүрөт: социалдык тармактардан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты