​Жүк ташуучулар мекенине кайтып келе жатат

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасынан чыккан жүк ташуучулардын маселеси чечилип, алар мекенине кайтып келе жатышат.

Кеп Азербайжан жана Түркмөнстан чек арасын жапкандыгына байланыштуу, Ирандын аймагында калып калган 60 жүк ташуучу унаанын айдоочусу тууралуу болуп жатат.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 60 айдоочунун ичинен 21и Россия аймагында турушат жана россия-казак чек арасы тарапка, «Караөзөк» көзөмөл-өткөрмө жайына жөнөшүүдө. 10 унаа Азербайжандын Россия менен чек арасындагы «Самур» көзөмөл-өткөрмө жайынан өтүү үчүн күтүп турушат.

25 унаа Казакстан аркылуу келе жатат. Дагы бир айдоочу Казакстандын Россия менен чек арасынан өткөндөн кийин карантинге алынды. Ал Казакстан жараны болуп саналат.

Россия — Казакстан чек арасында кыргызстандык 157 жаран Мекенине кайта албай турган.

Дүйнөдө 23-мартка карата, коронавируска чалдыккандардын саны 336 миге жетти.

Коронавирус инфекциясынын дүйнөгө таралышынан жана Кыргызстанда чыкканынан улам, 22-марттан тартып бир айга Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялап, чек аралар да ушуга байланыштуу жабылган.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты