​Баткендик дарыгерлерге коргонуучу каражат берилди

  • 4 года мурун

Баткен облусунун дарыгерлерине 500 комплект коргонуучу каражаттар (беткап, көз айнек жана костюм) тапшырылды.

Аталган жардам КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында жетишилди.

Бул комплект формалары облустагы саламаттыкты сактоо кызматкерлерине жана санитардык-карантиндик көзөмөл постторундагы кызматкерлерге берилет.

Мындай кийим-кечелер муктаждыкка жараша дагы алынат.

Буга чейин Фергана облусунан 2600 даана таңгакталган медициналык марли жана 1 тонна 400 кг дезинфекциялоочу каражаттар алынып келинген.

Мындай коргонуучу кийимдер жергиликтүү тигүү цехтеринде да даярдалууда.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана каршы күрөшүү республикалык штабынан билдиришти.

Коронавирус инфекциясынын дүйнөгө таралышынан жана Кыргызстанда чыкканынан улам, 22-марттан тартып бир айга Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруунун 14 учуру катталды.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты