​Салык төлөө мөөнөтү жылдырылат

  • 4 года мурун

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бүгүн, 23-марттагы маалымат жыйынында өзгөчө кырдаал жана коронавирустун экономикага тийгизген таасирине токтолду. Салык төлөө мөөнөтү жылдырылаарын билдирди.

“Эгерде биз салык төлөмдөрүнүн өлчөмүн кыскартсак, анда бул пенсия менен жөлөк пул төлөп берүүгө таасирин тийгизет, учурдагы кырдаалды реалдуу баалаш керек” деди Асрандиев.

Салык төлөмдөрүн жылдыруу маселеси боюнча төмөнкүлөр каралганын айтты:

1. Салык төлөө мөөнөтү жылдырылат;

2. Салык текшерүү токтотулду;

3. Электрондук эсеп-фактураларын, электрондук унаа-жүк ташуу коштом кагаздарын жана виртуалдык ККМ киргизүү мөөнөттөрү жылдырылды.

Ал эми бюджет кызматкерлеринин айлык акы, пенсия, жөлөк пул убагында берилээрин белгиледи:

“Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине (анын ичинде каникулга таратылган мугалимдердин) айлык акысы боюнча төлөмдөр, пенсиялар, жөлөк пулдар, ошондой эле калктын социалдык аярлуу катмарына төлөмдөр толук көлөмдө жана өз убагында берилет” КР вице-премьер-министр Эркин Асрандиев

Коронавирус инфекциясынын дүйнөгө таралышынан жана Кыргызстанда чыкканынан улам, 22-марттан тартып бир айга Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилген. Ага байланыштуу бир катар чектөөлөр киргизилген.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруунун 14 учуру катталды.

Сүрөт: Өкмөттүн маалымат кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты