​Үй карантин эрежелерин бузгандар жоопко тартылат

  • 4 года мурун

Республикалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, үй карантин эрежелерин бузуп, тышка чыгууну чечкен жарандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.

Жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү рейд өткөрүп, өкмөттүн маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана башка иш-чараларды өткөрүүгө коронавирус боюнча кырдаал жакшырганга чейин убактылуу тыюу салуу жөнүндө чечимин аткарууну көзөмөлдөп турушат.

Коронавирус аныкталган жарандар менен байланышта болушу мүмкүн болгон бардык кишилерди кайрадан текшерүү милдеттендирилди.

22-марттан тартып бир айга Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилди. Өзгөчө кырдаалдын чектөөлөрү тууралуу бул шилтемеден тааныша аласыз.

Кыргызстанда 23-мартта коронавирус жуктурган жаңы учур катталбаганын саламаттык сактоо министрлигинин башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ноокат, Сузак, Баткен райондорунда жана Бишкек шаарында коронавирусту жуктуруунун 14 учуру катталды.

Сүрөт: Өкмөттүн маалымат кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты