​Өкмөт чет элдиктердин кирүүсүн чектөөгө өзгөртүүлөрдү киргизди

  • 4 года мурун

2020-жылдын 17-мартындагы өлкөгө чет элдиктердин кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө өкмөттүн буйругуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ал буйрукка ылайык, 19-марттан тартып өлкөгө чет мамлекеттердин жарандарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган жарандыгы жок адамдардан же Кыргызстанда туруктуу жашап турууга уруксаты бар адамдардан тышкары жарандардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген.

Өкмөттүн 22-марттагы буйругуна ылайык, көрсөтүлгөн категориядагы чет мамлекеттердин жарандарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган жарандыгы жок адамдарга же Кыргыз Республикасында туруктуу жашап турууга уруксаты бар адамдарга дагы эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин өлкөгө кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Бул чаралар коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөөгө жана жарандардын ден соолугун сактоого багытталган.

Ноокат, Сузак, Баткен райондорунда жана Бишкек шаарында коронавирусту жуктуруунун 14 учуру катталды.

Кыргызстанга өзгөчө кырдаал киргизилген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты