​Төрт миң беткапты чыгарып кетээрде кармалды

  • 4 года мурун

Кыргызстандан 4 миң даана медициналык беткапты чыгарып кетүүнү көздөгөн киши кармалды.

Бул тууралуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын (финпол) басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган кызматтын Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун бөлүмдөрү чек ара кызматы менен бирге “Ак тилек” көзөмөл-өткөрмө пунктунан кыргызстандык жаранды уруксат кагазы жок алып баратканда кармашты.

Бул факты боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат деп айтылат маалыматта.

Өлкөдө медициналык беткаптын тартыштыгы байкалууда.

Кыргызстанда Ноокат, Сузак, Баткен райондорунда жана Бишкек шаарында коронавирусту жуктуруунун 14 учуру катталды.

Сүрөт: Финпол.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты