Кыргызстан чек арасынан өткөндөргө карантин чара шарттары өзгөртүлдү

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасынын чек арасынан өткөн жактарга карантин чаралардын шарттары өзгөрдү.

Коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоо үчүн саламаттык сактоо министрлиги биринчи жана экинчи категориядагы өлкөлөрдөн келген жарандарды 3 күнгө обсервация жайларына жөнөтүү чечимин кабыл алды.

COVID-19 коронавирусуна текшерүү таза жыйынтыктарын көрсөтсө, келген жарандар үй шарттарындагы карантинге жөнөтүлөт.

Буга чейин Кыргызстанга келген жарандар коронавирустук инфекциянын клиникалык белгилери жок болгон учурда гана үй карантинине жиберилчү.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана жайылып кетишине жол бербөө боюнча штаб билдирди.

Бүгүн Кыргызстанга өзгөчө кырдаал киргизилди. Кыргызстанда Ноокат, Сузак, Баткен райондорунда жана Бишкек шаарында коронавирусту жуктуруунун 14 учуру катталды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты