Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок

  • 4 года мурун

22-мартта коронавирус жуктуруунун жаңы учуру катталган жок.

Бул тууралуу коронавирустун алдын-алуу жана күрөшүү штабынан билдиришти.

Бардыгы болуп республикада коронавируска кабылгандардын саны 14 (6 эркек, 8 аял):

Баткен облусу – 1 киши, Сузак району – 8, Ноокат району – 3, Бишкек шаарында – 2 киши.

Бейтаптардын жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө.

Бейтаптар менен байланышта болгондордун саны — 2628 адам.

Кыргызстанда Ноокат, Сузак, Баткен райондорунда жана Бишкек шаарында коронавирусту жуктуруунун 14 учуру катталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты