Мамлекеттик органдар адаттагы иш графиги боюнча иштейт

  • 4 года мурун

Өлкөдө өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине карабастан, калкка ыңгайлуулук түзүү үчүн мамлекеттик органдар көнүмүш иш графиги боюнча иштешет.

«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы, калкты тейлөө борборлору (КТБлар) график боюнча иштейт:

Дүйшөмбү-жума – саат 09:00дөн 18:00гө чейин.

Кичи-калкты тейлөө борборлору — шейшемби-жекшемби күндөрү

— саат 10:00дөн 19:00гө чейин.

“Унаа” мамлекеттик ишканасы (авто-КТБ) дүйшөмбү-жума күндүрү

— саат 09:00дөн 17:00гө чейин.

«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы улуу курактагы кызматкерлерге өргүү күндөрүн берүүнү пландап жатат.

Ар бир мекемелерде күн сайын санитардык тазалоо жана дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул тууралуу коронвирустун алдын алуу жана күрөшүү боюнча штабдан билдиришти.

22-марттан тартып республикада өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Сүрөт: Covid-19 штабы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты