​Элибиз айдан аман, жылдан эсен чыксын!

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков Нооруз майрамына карата элге кайрылды.

“Элибиз тарыхтын татаал сыноолорунан өткөрүп, кылымдар бою сактап келген Нооруздун мааниси чоң.

Энелерибиз бул күнү айлананы арча менен аласташып, «ар балээден сакта» деп тилек кылышкан, жаратылыш менен кошо жан дүйнөнү тазалоо жөрөлгөсүн жасашкан.

Нооруздун символу — өнгөн буудай. Ата-бабаларыбыз „ырыскыбыз чогуу болсун, теӊ бөлүшөлү“ деп, бири-бирине сүмөлөк тартуулашкан.

Быйылкы Нооруз — дүйнө коомчулугу менен бирге, биздин өлкөбүз үчүн да чоң сыноо менен коштолду.

Ушундай сыноодо кеменгер элибиз бийик улуттук намысын, терең адамдык ариетин далилдеп, илдет катталган алгачкы күндөрү эле биримдигин, сабырдуулугун, мекенчилдигин көрсөттү.

Эми эпидемиологиялык кырдаалдын начарлоосуна, сырттан келген жарандардын тесттерди жана анализдерди берүүдөн четтеп кетүүсүнө жол бербөө абзел.

Баарыбыздан тең санитардык эрежелерди катуу кармоо, карантиндин талаптарын кынтыксыз аткаруу, ар кандай чогулуштарды токтотуу, жолугууларды мүмкүн болушунча кыскартуу талап кылынат.

Балдарыбыздын, замандаштарыбыздын жана өзүбүздүн ден соолугубузга баарыбыз жоопкер экенибизди унутпайлы.

Коронавирус илдетине кошумча болуп, дүйнөлүк экономикадагы кыйынчылыктардын кесепети бизге да жетти.

Бюджеттин чыгымдарын кыскартуу, үнөм режимин кармоо, бардык багытта тең сарамжалдыкты сактоо зарылдыгы жаралды.

Бардык мекендештерибиз учурга туура түшүнүү менен мамиле кылат деп ишенем.

Ар бирибиздин жарандык жоопкерчиликти бекем карманганыбыз — учурдагы сыноодон ийгиликтүү өтүүнүн негизги фактору.

Нооруз күнү, ар бир мекендешиме, бардык үй-бүлөгө, ден соолук, бак-таалай жана ийгиликтерди каалайм.

Элибиз айдан аман, жылдан эсен чыксын деп жараткандан тилейм.

Аруу тилектерибиз, таза ниеттерибиз орундалып, жергебизге кут конуп, жакшылыктар мол болсун!

Өлкөбүз өнүгүп, баарыбыздын алдыга койгон ой-максаттарыбыз ишке ашсын!

Өлкөбүздүн келечегин, элдин тагдырын баарынан жогору коюп, коопсуздукту көзүбүздүн карегиндей сактоого чакырам!

Ата-бабаларыбыздын жолун улап, бул сыноодон улуттук ар-намысыбызды, атуулдук абийирибизди бийик кармап өтөлү!“ деди.

Бүгүн, 21-март, Нооруз майрамы. Улустун улуу күнү.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты