​Сузактагы айылдарга блок-посттор коюлду

  • 4 года мурун

Райондун карантин жарыяланган Бостон, Благовещенка жана Орто-Азия айылдарындагы 19 жерге блок-посттор коюлду.

Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылыч Жолдошев Жалал-Абадда өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

«Ал айылдарда адамдардын кирип чыгышына чектөө киргизилет. Сыртан келген адамдар болсо артка кайтарылып жатат. Жергиликтүү тургундарга бул боюнча тушүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кырдаалга байланыштуу блок-посттордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн», — деди Жолдошев.

18-мартта Сузакта өзгөчө кырдаал жарыяланды. Буга райондун 70, 62, 42 жаштагы үч тургунунан коронавирус табылганы себеп болду. Алар Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келген.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты