Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жарыялоо керекпи? Сурамжылоо

Коронавирустун алдын алуу жана өлкө аймагына жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жарыялоо маселесин ушул тапта талкуулап жатат. Бул тууралуу штаб билдирди.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин маалыматына караганда мындай чара коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына жайылышына жол бербөө максатын көздөйт.

Министрдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 18-мартка караган түнү коронавирус катталган үч киши аныкталды. Алар — Сауд Арабиясында умра сапарына барып келген, Сузак районунун 70, 62, 42 жаштагы тургундары.

Алар менен чогуу бир учакта 135 адам учуп келгени белгилүү болду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты