​Алматыда жана Нур-Султанда карантин киргизилет

  • 4 года мурун

Казакстан саламаттык сактоо министрлиги 17-март күнү кечинде коронавирус жугузган дагы бир киши аныкталганын билдирди. Муну менен өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 33кө жетти. Алардын 15и Алматыда, 18и НурСултанда дарыланууда.

Жагдай оорлоп кеткенине байланыштуу 19-марттан тартып Алматы жана Нур-Султан шаарларында карантин күчүнө кирет.

Ага ылайык, аталган шаарларда адамдардын ары-бери жүрүшү чектелет. Коомдук транспорт каттамы азайтылып, өлкөгө кирген-чыккан автотранспорт да чектелип, көзөмөлгө алынат.

Мындан тышкары Казакстанда 16-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал дагы күчүндө.

18-мартта дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 7940 ка жетти. Коронавирустан айыккандардын саны 81911 киши болду.

Бул тууралуу окумуштуулардын онлайн-картасында көрсөтүлдү.

Кытайда 81 074, Италияда 31 506, Иранда 16 169, Испанияда 11 826, Германияда 9 257, Түштүк Кореяда 8 413, Францияда 7 695 киши ж.б. мамлекеттерде чалдыкты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты