Депутаттар коронавирус маселесин парламентте угууну сунуштады

  • 4 года мурун

18-марттагы Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Ирина Карамушкина парламент жыйынына премьер-министрди, саламаттык сактоо министрин, башкы санитардык врачты чакырып, маалымат угууну сунуштады.

— Вирус биздин өлкөгө да жетти. Сузак районунда үч киши дартка чалдыкканы тууралуу маалымат чыкты. Премьер-министр, саламаттык сактоо министри, башкы санитардык врач парламентке келип, биздин бул вируска каршы даярдыгыбыз кандай экенин айтып берсин. Карантин шартына нааразы болгон жарандар көп. Аскерге чакырылган ар кайсы аймактардан келген балдарды бир жерде чогуу кармап жатыптыр. Биз бул эпидемияны кантип жеңебиз, айтып беришсин,- деди Ирина Карамушкина.

Депутат Акылбек Жапаров коронавирустан дагы “паника” денен “вирус” жаман экенин, өкмөт так маалымат берип, онлайн маалыматтык борбор ачып коюуну сунуштады.

Депутат Дастан Бекешев коронавирус боюнча маселе комитетте кечээ талкууланганын, эртең маалымат берилерин, врачтардын ишине тоскоол болбой маалымат берчүлөрдү эртең чакыруу керектигин билдирди.

Ошондой эле Россия, Казакстан чек арасында өтө албай турган кыргыз жарандарынын да тууралуу маселе көтөрүлдү.

18-мартта министр Чолпонбаев коронавирустун алдын алуу штабынын жыйыныныда Кыргызстанда үч кишиден коронавирус аныкталганын билдирди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты