Жаңы илимий ачылыш: коронавирустан адам кантип айыгып жатат?

Австралиялык окумуштуулар иммундук система коронавирус менен кантип күрөшөрүн изилдеп чыгышты.

Алардын изилдөөсүнүн жыйынтыгы Nature Medicine журналына жарыяланды, андагы маалыматтар жаңы вирустук инфекциядан айыгуу кадимки грипптен дарылануудан дээрлик айырмаланбай турганын көрсөтүүдө.

Демек, бул изилдөө коронавируска каршы вакцина чыгарууга жардам бериши ыктымал.

Азыркы убакта дүйнөдө коронавирус менен ооругандар 190 миңден ашты, ал эми өлгөндөр жети жарым миңге жетти.

«Биздин иммундук система жаңы коронавирус менен кантип күрөшөрүн биринчи жолу даана түшүндүк»,-деди изилдөөчүлөрдүн бири профессор Кэтрин Кедзирска.

Көп эксперттер бул изилдөө жөнүндө жакшы пикирлерин билдирип жатышат. Изилдөө Мельбурндагы Питер Доэрти атындагы инфекция жана иммунитет институтунда жүргүзүлдү.

Окумуштуулар эмнени аныкташты?

Covid-19 жугузуп алган адамдардын айыгып чыгышы адам бул вируска эффективдүү каршы тура аларын айкын көрсөтүүдө.

Бул иш жүзүндө кандай болуп ишке ашат? Австралиялык окумуштуулар инфекцияга каршы күрөштө катыша турган адам организминдеги төрт клетканы таап чыгышты.

Изилдөөгө мурда оорубаган, жаңы илдетти жеңил көтөргөн ыктыярчылар катышты.

Сүрөттүн автордук укугу PETER DOHERTY INSTITUTE. Өпкөнүн тартылган сүрөтү иммундук клеткалар көбөйгөн сайын инфекция кетип жатканын көрсөтөт.

Австралиялык ооруканалардын бирөөнө Ухандан коронавируска чалдыккан 47 жаштагы аял түшүп калып, 14 күндөн кийин сакайып чыкты.

Би-Би-Сиге берген маегинде профессор Кедзирска түшүндүрүп бергендей, алар «ошол оорулуунун иммундук системасынын реакциясын баштан аяк изилдеп чыгышкан».

Үч күндүн ичинде эле инфекцияга чалдыккан аял сакая баштаган, буга анын канындагы өзүнчө бир клеткалар жардам берген. Кедзирсканын айтымында, адам демейде грипп менен ооруганда анын денесинде так ошол клеткалар пайда болот.

«Биз мунун жыйынтыгына кубандык, биз инфекция менен ооруган адамда иммундук клеткалар пайда болгондо анын сакайып кетерин аныктадык»,-деди профессор Кедзирска.

Бул изилдөө төрт аптага созулду, анын жүрүшүндө ондогон окумуштуулар күн-түн дебей анализдерди текшерип, кылдат изилдөөлөрдү жасашты.

Австралиянын саламаттык сактоо министри Грег окумуштуулардын ачылышы коронавируска каршы вакцинаны жана башка дарыларды таап чыкканга жардам берет деп баса белгиледи.

Ал эми окумуштуулар жаңы изилдөөгө киришти. Алардын алдында эми эмне үчүн кээ бир учурда иммундук системанын инфекцияга алы жетпей, оору күчөп кеткен себебин аныктоо милдети турат.

«Вирустан өлгөндөр же абдан катуу ооругандардын сакайып чыккандардан эмне айырмасы болгонун түшүнүү менен биз аларды сактап калуунун жолун түшүнөбүз»,-деди профессор Кедзирска.

Булак: BBC

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты