​Юрий Гагариндин аялы Валентина Гагарина каза тапты

  • 4 года мурун

Планетанын биринчи космонавты Юрий Гагариндин жесири Валентина Гагарина 85 жаш курагында каза тапты.

Бул тууралуу космонавттарды даярдоо борбору билдиргенин РИА Новости жазды.

Валентина Горячева 1957-жылы Юрий Гагаринге турмушка чыккан. Жубайлар Елена жана Галина аттуу эки кыздуу болушкан.

Күйөөсү тууралуу ал “108 минут и вся жизнь” (“108 мүнөт жана бүт өмүр”) аттуу китеп жазган.

СССРдин учкуч космонавты Юрий Гагарин 1961-жылдын 12-апрелинде планетада биринчи болуп космоско учкан.

1968-жылдын 27-мартында Юрий Гагарин авиация кырсыгынан каза тапкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты