​Кыргызстанда мечитте жума намаз убактылуу токтотулду

  • 4 года мурун

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жума намазды мечиттен окууну убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды. Чечимге муфтий Максат ажы Токтомушев кол койду.

Кырдаал турукташканча жума намаз убактылуу токтотулат. Жума намазынын ордуна бешим намазы үйлөрдө окулат.

Мечиттер жабылбайт, намаз убактыларын билдирүү үчүн азан айтылып турат.

Беш убак намаз үйдө окулуусу сунушталат.

Даават иштери боюнча убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Жаназа намазы маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйлөрдө окулуусу сунушталат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты