Чет өлкөлүктөр үчүн ​Россиянын чек арасы 1-майга чейин жабылат

  • 4 года мурун

18-марттан 1-майга чейин чет өлкөлүк жарандарга Россияга кирүүгө тыюу салынды.

Премьер-министр Михаил Мишустин Беларусь Азербайжан, Армения, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын жана Кыргызстандын өкмөт башчылары менен сүйлөшүп, жаңы киргизилчү чараларды талкуулаганын орус өкмөтүнүн расмий сайты жазды.

Расмий билдирүүдө мындай чара коронавируска байланыштуу «өлкөдө коопсуздукту камсыздап, калктын саламаттыгын сактоо» үчүн көрүлүп жатканы белгиленет.

Мында чектөөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине, расмий делегациялардын өкүлдөрүнө, эл аралык каттамдардагы транспорт кызматкерлерине тиешеси жок.

Москвада коронавирус коркунучунан улам мэр Сергей Собяниндин буйругу менен 10-апрелге чейин эл көп катышчу иш-чараларга тыюу салынган. Жабык жайлардагы жыйын-чогулуштарга катышкандардын саны 50 кишиден ашпоого тийиш.

21-марттан тартып бардык мектептерде окуу токтотулат.

Россияда жалпысынан 93 кишиде COVID-19 вирусу табылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты