Медициналык беткап саткандар кошумча нарк салыгынан бошотулат

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо медициналык беткаптар кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулду.

Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим калкты медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун калк үчүн жаңы коронавирус инфекциясынын (2019-nCoV) жайылышына байланыштуу негизги сунуштарынын бири милдеттүү түрдө медициналык беткап тагынуу болуп саналат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты