​Кыргызстанда 88 киши 14 күндүк карантинге алынган

  • 4 года мурун

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов “Манас” аэропортунда Россиядан келген жүргүнчүлөрдү текшерүүгө катышты, обсервацияда жаткандарды көрдү, чек арадагы көзөмөл жайына барды. Абал кандай?

Россиядан келген 120 жүргүнчү учактын ичинен, андан кийин конуу залынан медициналык текшерүүдөн өттү.

Чек ара кызматкерлери жүргүнчүлөрдүн кайсы өлкөдөн келгендигин аныктап, өлкө категориясы боюнча бөлүштүрөт.

Мында кошумча өткөрмө жай ачуу маселеси караштырылып жатканы айтылды.

Убактылуу обсервация жайларында 88 киши 14 күндүк карантинге алынган. Алар бардык тийиштүү анализ тапшырышууда.

«Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө жайында жөө жүргөндөр медициналык текшерүүгө алынат, тез жардам кызматы уюштурулган.

Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты