​Казак бийлиги бизнести колдоо үчүн 300 миллиард теңге бөлөт

  • 4 года мурун

Казакстандын бийлиги ишкерлерди колдоо жана жумуш орундарын түзүүгө «кеминде 300 миллиард теңге» (681 миллион доллар) бөлүүнү пландап жатат.

Бул тууралуу өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев 16-мартта коронавируска байланыштуу жарыяланган өзгөчө кырдаалга арналган телекайрылуусунда билдирди.

Президенттин айтымында, Казакстандын эл аралык резервдери 90 миллиард долларга жакын.

«Бул биздин экономикабыздын туруктуу сакталышынын олуттуу кепилдиги. Биз бюджеттик чыгашаларды максималдуу жакшы натыйжа бере турган жарандардын жумуш менен камсыз болуусуна жана бизнести колдоого багыттайбыз. Ата мекендик ишкерлерди колдоо жана жаңы иш орундарын түзүү үчүн кеминде 300 миллиард теңге бөлүнөт» деди Токаев.

Токаев бул билдирүүсүн өлкөдөгү акча алмаштыруу жайларында доллардын курсу кескин жогорулап кеткен маалда жасады. 16-мартта Нур-Султандагы акча алмаштыруу жайларында 1 доллар 438 теңгеге сатылып жатканы кабарланган. 13-мартта доллардын курсу 405,46 теңгени түзгөн.

Казакстанда коронавируска байланыштуу 16-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө кырдаал жарыяланган. Бул убакыт аралыгында эл көп топтолгон оюн зоок борборлор, кинотеатрлар ишин токтотуп, ар кандай көргөзмөлөргө, спорттук оюндарга жана эл көп чогулган иш-чараларга тыюу салынат.

16-мартка карата Казакстанда он адамга коронавирус жукканы аныкталган. Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ушу тапта стационардык карантинде 1 641, үй карантининде 981 адам кармалууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты