​Жээнбеков: Аксы окуясы өлкөбүздүн демократиялык өнүгүү жолундагы улуу бурулуш катары тарыхта калды

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта, 2002-жылдагы Аксы окуяларына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

“17-марттагы Аксы окуялары өлкөбүздүн демократиялык өнүгүү жолундагы улуу бурулуш катары тарыхта калды. Адилетсиздикке каршы жалпы элдик күрөштүн башаты, Март жана Апрель революцияларына түрткү болгон тарыхый окуя болуп бааланат.

Бүгүнкү бийлик ошол окуяларда өлкөнүн келечеги үчүн өз өмүрүн тобокелдикке байлап чыккан элдин ишенимин актоого болгон аракеттерди жасап жатат.

Өлкөдө коррупция менен чечкиндүү күрөш, адилеттүүлүктү камсыздоого багытталган соттук реформа, укук коргоо органдарын реформалоо жүргүзүлүүдө.

Коопсуздукту камсыздоо, санариптештирүү, экономиканы өнүктүрүү жаатында ири иш-чаралар аткарылып жатат.

Элибиз үчүн, эгемендүү мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн зарыл болгон реформалар ишке ашырылууда.

Өлкөбүз үчүн өмүрүн сайган мекендештерибиздин элесине ар дайым башыбызды ийип, таазим этебиз.

Жарат алган, жаныбызда жүргөн Аксы окуясынын каармандарына тереӊ ыраазылык билдиребиз!

Алардын каармандыгы бизди мамлекеттеги тынчтыкты баалай билүүгө, коомдогу туруктуулукту жана ынтымакты көздүн карегиндей сактоого үндөп турат.

Элибизде ар дайым ынтымак жана биримдик, жергебизде дайыма тынчтык болсун!” деп айтылат кайрылууда.

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта Аксы окуясында каза болгондордун элесине таазим кылды.

Мамлекет башчы 2002-жылдагы Аксы окуясында жана 2010-жылы Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтындагы Апрель окуясында эркиндик үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.

2002-жылдын 17- мартында Аксынын Боспиек айылында Үзөңгү-Кууш маселесине байланыштуу камалган ал кездеги депутат Азимбек Бекназаровду түрмөдөн бошотуу талабы менен жөө жүрүшкө чыгышкан.

Боспиекте милиция менен эл кагылышып, милиция элге ок аткан. Анда алты киши каза таап, 30 дай киши жаракат алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты