​Кыргызстан профсоюз федерациясы: Араздашуу аягына чыгабы? (Видео)

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын өз ара чатагы бир жылдан бери тынчыбай келет. Акыры федерация төрагасы Мирбек Асанакуновду кызматтан бошотуу тууралуу чечим чыккан. Бирок андагы араздашуу токтоп калган жок.

Профсоюздар федерациясынын кеңеши 2020-жылдын 5-февралында төрага Мирбек Асанакуновду кызматтан бошотуу чечимин чыгарган. Профсоюз федерациясынын төрагалыгынын милдетин аткаруу Рыскүл Бабаева жүктөлгөн.

Бирок Мирбек Асанакунов кайра төрага болгон чечим чыгарып, кош бийлик өкүм сүргөн.

Бошотулган жетекчи тарапташтары менен ушул жылдын 12-мартында кеңсеге кирүү учурунда катуу жаңжал чыкты (Видео).

Профсоюз федерациясынын мүчөсү Канат Осмоновдун айтымында, профсоюздар федерациясына Союздан мураска калган кыймылсыз мүлк убагында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Аларды кайра федерацияга кайтаруу боюнча сот иштери жүрүп жатат

Бул жерде кызмат орун үчүн күрөш болуп жаткан жок. Федерациянын мүлкүн сактап калуу үчүн күрөш жүрүүдө. Убагында федерациянын көптөгөн мүлкү мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Азыр аларды кайтаруу аракети жүрүп жатат. Буга чейин 300 млн сомдук мүлк кайтарылды» билдирген Осмонов 2019-жылы 8-февралда.

Мирбек Асанакуновдун өкүлү Мира Осмоналиева Мирбек Асанакуновго карата айтылгандарга мындайча жооп берген:

«Мирбек Асанакунов аталган кызматка келгенден кийин бир дагы мүлк сатууга кеткен эмес. Чечимдердин баарын ал эмес, кеңеш кабыл алат» деп билдирген Осмоналиева.

Профсоюздар федерациясынын мүчөсү Эльдар Аглиулин Мирбек Асанакунов кечээ жакында кандайдыр бир документти уурдап кеткендигин айтууда.

«Видеокамерада жазылып калган. Кайсы бир документти уурдап кетишти. Эми аны бизге шылтоого аракет жасап жатышат» деди Аглиулин журналисттерге.

Азыркы тапта профсоюздар федерациясынын кеңешинин мүчөлөрү Президент Сооронбай Жээнбековго жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кайрылып, федерациядагы абалга көңүл бурууну суранышууда.

Сүрөт: 24 kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты