​АКШда коронавируска байланыштуу өзгөчө абал киргизилди

  • 4 года мурун

Президент Дональд Трамп 13-мартта АКШда өзгөчө абалды жарыялады.

Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Трамп бул иш-чара вирус менен күрөшүүгө 50 млрд долларга чейин бөлүүгө мүмкүнчүлүк берерин айтты.

Бийлик коронавирусту аныктоо үчүн тестөткөрүүнү күчөтүү үчүн жеке сектор менен активдүү иштерин билдирди.

Айыл чарба продуктуларынын жана дары- дармектердин сапатын текшерүү үчүн жаңы тестти жактырды деди ал.

Бир ай ичинде 5 млн го чейин тест даяр болот. Бирок алар керек болоруна күмөн санады.

АКШ бийлиги окуу мекемелерин убактылуу жабууну жана ири массалык иш-чараларды өткөрбөй турууну улантууда.

Жонс Хопкинс университети АКШда коронавируска чалдыккандардын саны 1,6 миңден ашканын билдирди.

Чыныгы сан андан да көп болушу мүмкүндүгү айтылды, себеби анализ айрымдардан гана алынууда.

Маалыматтар боюнча эпидемия учурунда 10 миң тест өткөрүлгөн.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Италия жалпы өлкө боюнча карантин жарыяланды. Карантин убагында өлкө аймагында ээн-эркин жүрүүгө тыюу салынат.

Коронавируска байланыштуу 12-мартта Чехиянын өкмөтү өзгөчө абал киргизди.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты