​Арзымат Сулайманкулов дүйнөдөн кайтты

  • 4 года мурун

12-мартта 69 жаш курагында мамлекеттик жана коомдук ишмер Арзымат Сулайманкулов каза тапты.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Арзымат Сулайманкулов 1952-жылы 28-январда Кант районунда туулган.

1975-жылы Москвадагы Бауман атындагы жогорку техникалык окуу жайын бүтүргөн.

Комсомолдун Фрунзе шаардык комитетинин биринчи катчысы, Кыргызстан коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин экинчи катчысы, министрлин орун басары, Токмок шаарынын мэри ж.б.кызматтарды аркалаган. Жогорку Кенештин депутаты болуп шайланган.

Арзымат Сулайманкуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Токмок шаарында, Слободская, 35 («Авторемзавод) дарегинде болору маалымдалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты