Медициналык беткапты мыйзамсыз чыгарууга аракет учурунда катталды

  • 4 года мурун

13-мартта «Чон-Капка» көзөмөлөткөрмө бекетинен Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз товар ташып бараткан жүк ташуучу унаа кармалды. Бул тууралуу чек ара кызматы билдирди.

Кыргызстандык жарандын автоунаасын текшерүү учурунда кургатылган жемиштердин алдына катылган 95 миң 600 медициналык беткап табылды. Кармалган товардын жалпы наркы – 1 миллион 400 миң сом.

Мамлекеттик чек ара кызматы 3-февралда өкмөт алты айга чейин дары-дармек жана медициналык каражаттарды Кыргызстандан тышка чыгарууга тыюу салганын белгиледи.

Буга чейин өкмөт өлкөдө медициналык беткап жетишсиз болуп жаткандыктан, жергиликтүү ишканалар аны өндүрүүнү баштаганын билдирген.

11-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп билдирди.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялаган.

Сүрөт: ТАСС.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты