​Өкмөттө дарт жугузуу тобокели бар чет өлкөлөргө иш сапарды токтотуу тапшырылды

  • 4 года мурун

Коронавирустан сактануу жана экономиканы сактоо үчүн өкмөттө кандай чаралар көрүлүп жатат? Өкмөт башчы кеңешмеде буларды айтты:

Республикалык эки штаб түзүлдү. Эпидемиологиялык жагдайы жагымсыз болгон өлкөлөрдөн келген бардык жарандар 14 күндүк карантинге жаткырылууда.

Бул жагдайда экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнө жол бербөө максаты турат.

«Кытай негизги соода өнөктөштөрүбүздүн бири болуп саналат. Анын жалпы товар жүгүртүүдөгү үлүшү 26,4% түзөт.

2019-жылга карата импорттун жалпы көлөмүндөгү үлүшү 35,4% түзгөн. Негизинен бул өндүрүш үчүн сырьелук база. Азыр сырьенун запасы бар, бирок ташуулар качан жана кандай жол менен калыбына келери белгисиз.

Мында биздин кемчиликтерди аныктоого гана эмес, өз өндүрүшүбүздү башынан баштоого аракет кылуу мүмкүндүгү пайда болду” деди өкмөт башчы.

Премьер-министр өкмөттүн аппаратынын, министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлеринин инфекцияны жуктуруу тобокелдиги бар чет өлкөлөргө иш сапарларын токтотууну тапшырды. Чет мамлекеттерге сапарлар мамлекеттин маанилүү иш-чаралары боюнча жана эпидемиологиялык кырдаал дурус өлкөлөргө гана жасалууга тийиш.

11-марттын түнүндө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус боюнча пандемия болгонун жарыялаган.

Сүрөт: vb. kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты