​Абылгазиев: “Биздин экономика мунайдын баасына түздөн-түз көз каранды эмес”

2020-жылдын 9-мартында мунайзаттын баасы 30%га түшүп, валюта биржасында Россия жана Казакстандын улуттук акчасынын курсунун төмөндөөсүнө алып келди.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев улуттук валютанын курсунун төмөндөөсүнүн кесепеттерин турукташтыруу боюнча өткөн кеңешмеде билдирди.

“Өнөр жай түзүмүндө нефтегаз тармагынын үлүшү болгону 2%ды түзөт, бул өңүттөн алып караганда биздин экономика мунайдын баасына түздөн-түз көз каранды эмес.

Бирок өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык өзгөрүүлөр өзүнүн таасирин тийгизбей койбойт. Ошентсе да азырынча биздин өлкөдө күйүүчү майлардын баасы кармалып турат, кооптонууга негиз жок” деди Абылгазиев.

Улуттук банк менен бирге өткөрүлгөн жыйында валюта рыногундагы курстун кескин түрдө өйдө-ылдый болушун турукташтыруу жана өлкөдө экономикалык активдүүлүк деңгээлин кармап туруу боюнча чаралар кабыл алынды.

“Өкмөт Улуттук банк менен бирге келген товарларга АКШ доллары менен төлөө үчүн рыноктон валюта сатып алган ири ишканалар менен, ошондой эле акциздүү товарларды импорттогон компаниялар менен активдүү иштерди жүргүзүүдө.

Ишкер тараптардын келишимдик милдеттенмелерин улуттук валюта менен иштөөсүнө өткөрүү максатындагы маселе Россия өкмөтү жана Казакстан өкмөтү менен бирге каралып жатат.

Зарылдыгына жараша кошумча чаралар кабыл алынат. Алар- мамлекеттик сатып алуулар процессине ата мекендик компаниялардын катышуусун колдоо боюнча ишти күчөтүү жана товарларды, кызматтарды көбөйтүү, бизнести текшерүүгө киргизилген мораторийди дагы 1 жылга узартуу жагын карап чыгуу (2022-жылга чейин).

Быйылкы жылдан тартып салык кызматы тарабынан жүргүзүлүүчү көзөмөлдөөчү текшерүүлөрдүн саны кыскартылат. Эгерде компаниялар салык милдеттерин толугу менен аткарган болсо, анда текшерүүлөр дистанциялык режимге өткөрүлөт» деди ал.

Абылгазиев өлкөдөгү банктардан чет элдик валюта менен алынган насыялар боюнча талдоо жүргүзүлөрүн айтты.

“Бүгүнкү күндө да кыргыз сому ЕАЭБ аймагында бирден бир туруктуу валюта болуп саналат” деди премьер-министр.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты