Быйыл талаа иштери эрте башталды
- 4 года мурун
Быйыл жазгы талаа иштери былтыркы жылга караганда эрте башталды. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Чүй облусунун жазгы талаа иштерине даярдыгынын жүрүшү жана ирригациялык системалардын абалы менен таанышкан учурда билдирди.
«Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында, ошондой эле Чүй облусунда жазгы талаа жумуштары жакшы темпте жүрүүдө. 2020-жылдын жазгы айдап себүүсүнө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттары такталды. Быйылкы жылы бардык дан эгиндеринин себүү аянттары 631,9 миң га түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 4,2 миң га көп болот» деди биринчи вице-премьер-министр.
Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү