Депутат экономикалык абалга көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгиледи

  • 4 года мурун

Коронавирус илдети 118 өлкөгө жайылганы белгилүү болду. Анын айынан дүйнөлүк экономикалык кризис башталды. Ошондуктан, биз азыртан анын алдын алуу чараларын көрүп, өлкөнүн экономикалык абалына көзөмөлдү күчөтүшүбүз керек.

Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев, 12-мартта, Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Биринчи кезекте ашыкча чыгымдардан арылышыбыз керек. Ал үчүн мамлекеттик бюджетти балансташтырып, пайдасыз тендерлерди, жөнү жок курулуштарды токтото туруу зарыл. Ошондой эле өкмөт экономикалык өнөктөштөр менен соода-экономикалык алаканы доллар менен эсептешүүнү токтотуу жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүп, өз ара эсептешүүнү улуттук валютага өткөрүү маселесин чечип алуусу зарыл» деди депутат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты