​Казакстан юстиция министри Назарбаеванын Лондондогу мүлкү тууралуу суроого жооп берген жок

  • 4 года мурун

Казакстандын юстиция министри Марат Бекетаев Лондондо мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин үйбүлөсүнө таандык делген кыймылсыз мүлктөрдүн камакка алынышы жөнүндө маалыматка түшүндүрмө берген жок.

11-мартта Бекетаев сот жараяны аяктай электигин жана эч кандай документке ээ эместигин айтып, журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

Лондон сотунда британ баш калаасында камакка коюлган үч мүлктүн ээлеринин бири Казакстандын Сенатынын спикери, туңгуч президенттин кызы Дарига Назарбаева экени белгилүү болгон. Турак жайлардын жалпы баасы 100 миллион доллардан ашат.

Кымбат үй-жайдын дагы бир ээси анын уулу Нурали Алиев деп табылды. Буга чейин BBС камакка коюлган турак жайлардын биринде Дариганын уулу жана экс-президент Нурсултан Назарбаевдин небереси Нурали Алиев жашай турганын кабарлаган.

Лондондун кымбат райондорунун бириндеги үйдү кылмышка каршы күрөш боюнча британиялык агенттик камакка койгон. BBC, «Transparency International» жана «Finance Uncovered» деген өкмөттүк эмес уюмдар маалымдашкандай, британ өкмөтү «казак саясий элитасынын» «булагы аныкталбаган байлыктарына» кызыгып жатат.

Агенттиктин тергөөчүлөрү ал үйлөр Дариганын мурдагы күйөөсү Рахат Алиевдин кылмыштуу жол менен табылган кирешесине алынган деп эсептешет. Ал эми Назарбаеванын адвокаты анын кардары Рахат Алиев менен 2007-жылы ажырашканын, 2008-жылы алынган мүлккө тиешеси жок экенин билдирди.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты