​Жогорку Кеңешке сырттан келгендердин киришине убактылуу чектөө киргизилди

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңешке сырттан келгендерди киргизүү убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу 11-мартта парламент жалпы жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков билдирди:

«Жогорку Кеңешке чектөө киргизип жатабыз. Мурда сырттан келген конокторду, айылдык кеңештердин депутаттарын, мектеп окуучуларын, студенттерди кабыл алчубуз, иш-чараларды өткөрчүбүз. Мунун баарын убактылуу токтоттук. Сыртка чыгуу боюнча, эгер ал сапар Жогорку Кеңеш аркылуу болсо, биз аны токтотууга депуттар менен сүйлөшүп жатабыз. Ал эми өз демилгеси менен же башка мамлекеттик эмес уюмдар менен чыгып жаткандардын өз иш-чаралары бар экен, ошонун негизинде чыгып жатышат. Бирок аларга да эскертүү беребиз».

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 4 284 кишиге жетти. Айыккандардын саны 65 765 киши болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты