​Мамлекеттик ишмер Мейраждин Зулпуев дүйнөдөн кайтты

  • 4 года мурун

Коомдук жана мамлекеттик ишмер Мейраждин Зулпуев 78 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мейраждин Зулпуев 1961-1966-жылдары Москва шаарындагы гидромелиоративдик институтта билим алып, инженер-гидротехник адистигине ээ болгон.

1992-жылы Кыргыз Республикасынын суу чарба жана мелиорация министри болуп иштеген.

1992-1993-жылдары өкмөттө мамлекеттик катчы, вице-премьер министр кызматтарын аркалап, 1993-1996-жылдары суу чарба жана мелиорация министри болуп иштеген.

2002-жылы ААК «Кыргызсуудолбоор» ишканасында ишин баштап, 2005-жылдан бери директорлор кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген.

1979-1985-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Зулпуев Мейраждин өмүрүн суу чарба жана ирригация тармагына арнап, анын жетекчилиги менен өлкөбүздөгү миңдеген гектар жерге суу каналдары тартылып, жердин асылдуулугу арткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты